Биз кимбиз? 

Биз – пикирлеш жана ыктыярчылар тобубуз.

Дарегибиз Жарандык агартуу академиясы.

Биз үчүн:

  • Жарандык – өз жүрүм-турумуң менен жоопкерчиликтериңди, өз өлкөңө, коомуңа жана эркин Кыргыз мамлекетине болгон мамилеңди сезүү.
  • Агартуу – коом үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу, караңгылыктан сактануунун зарылдыгы

Биз сизди АШАР аттуу акциябызга катышууга чакырабыз. АШАР – азыркы күндө краудфандинг катары пайдаланылып жаткан ата-бабаларыбыздын байыркы ыкмасы. Ушул жол менен биз китептин котормосуна жана басып чыгарууга акча чогултмакчыбыз. Ушул жол менен биз жарандар менен мекендештерди АГАРТУУ муктаждыгына кошулууга чакырабыз. Бул коомубуздун өнүгүшүнө жана келечегине кошулган салым. Келгиле, Кыргызстанда китеп окуу маданиятын калыбына келтирели.

«Тоолор куладыбы?» китеби Кыргызстандын эки чыгаан инсанынын, Чыңгыз Айтматов жана Азамат Алтайдын, тагдыры жөнүндө жазылган. Алардын тагдыры – элибиздин эркиндик духунун, ички дүйнөсүнүн чагылуу маданиятынын тарыхы. Алар адабият менен эркиндикке салым кошкон эки тоо. Алар Кыргызстандын эгемендигин алдын ала көрүп, тосуп алган эки тоо.

Быйыл Чыңгыз Айтматов көзү тирүү болгондо 90го чыкмак. Анын ысымы дүйнө жүзүнө таанымал. Анын турналары согушту баштан өткөргөн тагдырлардын элесин алып жүрөт. Алар бизге жашоо тартуулаган адамдардын татаал тагдырлары.

Азамат Алтай туурасында бизде маалымат аз, анын үстүнө советтик пропаганда да анын беделин түшүрүүгө аракет кылган. Согушту баштан кечирген, туткун болгон, бөтөн жерде жашап кетүүнүн оордугун сезген, баарынан да киндик каны тамган, сүйүктүү Ысык-Көлдүн толкундарына, өз мекенине болгон кусалык менен жашап өткөн киши болгон. Океандын ары жагында жашап жүрүп ал өз элинин эркиндиги үчүн колунан келген баарын жасаган. Бүгүнкү Азаттык үналгысы – бул Кыргызстандын эле азаттыгынын тарыхы эмес.

Бизге эркиндикти алып келген турналарга кулак салбасак, биз алдыга жыла албайбыз.

«Бул китепти жазуу — менин милдетим. Бул инсандар туурасында айтып берүү мен үчүн маанилүү. Аларды дүйнө жүзү билүүгө тийиш», — дейт Жеффри. Анын китебин Индиана университети англис тилинде басып чыгарды. Анын эмгеги АКШнын алдыңкы окуу жайларында жана Конгресс китепканасында презентацияланат. «Чыгарманы кыргызстандыктар да окуп чыгышы керек. Кыргызстан – укмуштуу өлкө, эли – ачык жана акылман. Алар менен өтө бөлүшкүм келип атат» — дейт Жеффри.

Ал китепти которуу жана басып чыгаруу укугун бизге бекер өткөрүп берип жатат. Бирок ага өзүбүз каражат табышыбыз абзел. Бул – биздин китепке жалпы акча чогултуу, биздин АШАР ишибиз.

Жеффринин белеги менен биз китеп басып чыгаруу ишибизди баштайбыз. Андан кийинкиси «Жеке окуялар» болмокчу. Алар ата-бабаларыбыз жөнүндөгү биздин үй-бүлөбүздө сакталып калган жана дайыма эле расмий тарыхка шайкеш келе бербейт.

Биз үчүн эч ким тарыхыбызды топтоп, басып чыгарбайт. Баары өзүбүздүн колубузда!

Биз өзүбүз, качандыр бир кезде ата-бабаларыбыз сыяктуу, АШАР жолу менен тарыхыбызды топтоп, балдарыбызга өткөрүп беребиз.

Бул максатка жетүү үчүн 7800$ (538 200 сом) өлчөмундөгу каражат топтоо зарыл. Бул суммага: китепти кыргыз жана орус тилдерине которуу жана аны 1000 дааналап басып чыгаруу кирет. Команданын жалпы мээнети – бул биздин ыктыярдуу салымыбыз.

Өз салымыңызды төмөнкү жолдор менен кошо аласыз:

  1. Демилгебиз туурасында коомдук желеде бөлүшүңүз. Келиңиз, бул идеяны Кыргызстандагы өнүгүүгө жан үрөгөндөрдүн арасында жайылталы.
  2. Кампаниянын эсебине каражат которсоңуз болот:
Алуучу: Public Association Center Polis Asia/Центр Полис Азия коомдук бирикмеси
Банк получателя: ЗАО «Кыргызский Инвестиционный-Кредитный Банк» Бишкек, КР

«Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы» ЖАК, Бишкек, КР

Счет получателя:

 

1280166046670097 KGS

1280166046670404 USD

1280166046670606 EUR

БИК: 128016
SWIFT KICBKG22

3. Же болбосо демилгенин Элсом капчыгына каражат жөнөтүңүз — 0770644006