Демократия жана эгемендүүлүк, тарыхтан тажрыйба

Нурдин Усеев “Демократия жана Эгемендүүлүк: тарыхтан тажрыйба” темасында сөз кылып берип жатат. Байыркы кыргыздарда демократия болгонун, тарых жана байыркы кыргыз эпитафиялык жазуулар далилдеп тургандыгы тууралуу айтып жатат.

Нурдин Усеев 1982-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Покровка (Чоң-Кызыл-Суу) айылында жарык дүйнөгө келген. 

Илимий иштеринин темасын байыркы түрк (руникалык) жазма эстеликтери, анын ичинен, өзгөчө, кыргыз элине таандык болгон Енисей жазма эстеликтери, кыргыз тилинин диалектилери жана кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын тили түзөт. Бул багытта эл аралык индекстерге кирген журналдарда жарыяланган 25, республикалык журналдарда жарык көргөн 4 макаласы, эл аралык жана республикалык конференцияларда (Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Монголия) окулган жана жарыяланган 20 доклады бар.