Т Чоротегин, Эгемендүүлүккө болгон узак жол

Тынчтыкбек Чоротегин 1990-жылдардагы Кыргызстандагы демократиялык кыймылдын тарыхы. Эгемендүүлүккө жол көк асаба менен “демократия” лозунгу менен башталгандыгы тууралуу Жарандык Агартуу Академиясынын катышуучуларына айтып берди. Аны менен катар – Жаратман, – Активдуу жаран, – Кош тилдүү болуу кеңештерин берди. Тынчтыкбек Чоротегин , т.и.д. профессор, Кыргызстандын биринчи демократиялык кыймылынын катышуучусу.

Тынчтыкбек Кадырмамбетович Чоротегин (Чороев) – тарыхчы, журналист, публицист. Тарых илимдеринин доктору (1998), профессор (2002). Кыргыз Тарых Коомунун президенти (2012-жылдын 11-февралынан).

1990-жылдын февраль айында Бишкектеги жаштардын уруксатсыз нааразылык жыйынында чыгып сүйлөгөн.

Ошол жылы феврал-март айларында оппозициячыл жаштардын коммунисттик бийлик менен саясий талкууларын уюштуруу тобунун жетекчилерине болгон.
1990-жылы май айындагы Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын (КДК) уюштуруучуларынын бири, анын уставынын долбоорун даярдаган. 1990-жылы октябрда жумурияттагы коммунисттик жетекчиликке каршы саясий ачкачылыкка катышкан. Кыргызстан Демократиялык Кыймылы, “Кыргызстан” Демократиялык кыймылы (КДК) – Советтик Кыргызстандын акыркы жылында түзүлүп, өлкөдөгү демократиячыл жараянды тездетүүгө үлүш кошкон алгачкы ири анти-коммунисттик бирикме.

Ал 1990-жылы 25-26-майда Кыргызстандын борбору Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында уюшулган.