Кутман таң III

Сиздер Жарандык агартуу академиясынын «Кутман таң» мезгилдик басылмасынын үчүнчү санын окуп жатасыздар. Бул жолкусунда Сиздер менен бирге улуу Устат Чыңгыз Айтматов менен бирге сапар тартабыз. Ал жолдо улуу Устатты кайрадан ачып, анын чыгармачылыгынын тереңдиги менен бийиктигине сүңгүйбүз. Анткен себеби анын чыгармачылыгынын бүтүндөй баары Адам жөнүндө. Анын каармандары кайсы жерде жашабасын, алыскы тоолуу айылдабы же деңиз боюндабы – баарынан мурда адам атын алып жүргөндөр. Айтматов үчүн Адамдын жашоосу согушка жана тоталитардык идеологияга, адам үрөйүн учурган “нормага” баш ийдирген жексурлукка карабай, дүйнөдөгү эң баалуу нерсе. Жазуучу өз чыгармаларында адамдын кадыр-баркы, бактылуу болуу, жана түшүнүп кечирилүү укугуна ээ экендиги тууралуу жазат…