Кутман таң IV

Быйыл биз Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгиледик. Кызыгы, эгемендүүлүктүн декларациясы республиканы демократия деп жарыялап өлкөнү чыныгы эгемендүү жана укуктук мамлекетке айландыруу үчүн элди биримдикке чакырган. Анда мындай нерселерди аз киши түшүнүп, көбүнчө көз карандысыздык жана демократия өздөрү менен кошо материалдык бакубаттыкты алып келет деп үмүттөнүшкөн. Алгачкы президент Кыргызстанды экинчи Швейцарияга айлантууну убада кылганда, кыялга өз алдынча башкаруу жана түз демократиясынын деңгээли жогору болгон өлкө эмес, бай өркүндөгөн өлкө келчү. Демократия менен бакубаттык бири-бирине байланыштуу эмес болгонун жана көбүнчө эркиндиктен качүү руханий маанилерди эмес, материалдык маанилерди тандоого алып келерин убакыт көрсөттү…