«Америкадагы жолугушуу», Джеффри Лилли «Тоолор куладыбы?» китебинен

Советтер Союзундагы Фрунзе шаарынан 1973-жылы штемпель басылган кат күтүүдөн зарыккан Нью-Йорк шаарына келип түштү. АКШ менен СССРдин мамилесиндеги эң маанилүү желаргы белгиси – бул 1975-жылда эки өлкөнүн тарыхый маанидеги космостук аппараттардын космостук программа аркылуу биригүүсү эле.

Ошол желаргыны же АКШ менен СССРдин ортосундагы мамиленин кайра жөнгө салына баштаганын  чагылдырган өңдүү Чыңгыз Айтматов өзүнүн катында америкалык котормочу жолдошуна тамашаменен кайрылыптыр. «Сиз – кат жазышкан жалгыз таанышымсыз, мына ошондуктан экөөбүз жолукпасак болбос», — деп  ошол кездеги соңку «Ак кеме» повестинин котормочусу Мирра Гинзбургга кайрылат. Катта «Мага Чыңгыз Айтматович деп кайрыла берсеңиз болот[1]», — деп да кошумчалайт.

«Ак кеме» повестин которуу иши боюнча   байма-бай катжазышып турушкан  жазуучу менен котормочу бара-бара жолдоштук  тамашалашкан мамиле күтө башташкан. Ошондуктан, Айтматовдун май айында жазган тамаша-азил аралаш бул каты кадыресе эле көрүнүш болчу. Бирок америкалык Гинзбург менен ошол кездеги кат алышуусу  жазуучу үчүн  жашоосундагы эң оор учурда алаксуунун аракети эле.

***

1971-жылдын август айында Нагима Айтматова дүйнө салды. Чыңгыз анын жанында турду, карылыкка бой сунган энесинин жан берип жатканына күбө болду.  Энесинин дем алуусу оорлой баштаган учурда ал бир көз ирмемди  – энеси поездден түшүп, жашына турган коопсуз жерге төрт баланы эрчитип бараткан учурду, тээ репрессиянын оор күндөрүн эстеди.

Үйдүн улуу уулу болгондуктан, ал апасынын башына түшкөн кайгыны, Москвадан Кыргызстандагы айылдарына көчкөндөгү ошол үрөйү учкан учурду, иниси менен карындаштарына караганда жүрөгүнүн тереңинен өткөргөн эле. Нагима апа заматта күйөөсүнөн ажырап, Москвадагы билимдүү чөйрөдөн да кол жууду. Эрезеге жеткенде Чыңгыз апасы Нагиманын кайгысын жеңилдитүү үчүн колунан келгендин баарын жасады, Фрунзега көчүрүп келип, борбордогу ден соолугун чыңдоочу мекемеден дарылануусуна кам көрдү. Акыркы он жыл аралыгында ал аны сооротуп, астма менен артриттин айынан өмүрү өчө баштаган кезинде уулдук парзын ак аткарды, алаканына салып бапестеп бакты.

Нагима төрт баласын татыктуу тарбиялап,турмуш менен өжөрлөнө күрөшүп жашады. Анын эмгегинин акыбети кайтып, балдары жазуучу, геолог, физик жана окутуучу болуп, эл үчүн кызмат кылышты. Бул дүйнөдөн ал күйөөсүнүн  тагдырынын дайнын билбей кетти, бирок Нагима балдарына чексиз ыраазы болуп дүйнө салды. Жаны үзүлөрдө да айткан акыркы сөзү балдарына ыраазычылык айткан сөзү болду.

Балдары аны Фрунзенин четиндеги мүрзөгө коюшту. Анын мүрзөсүндөгү белги ташка Нагима менен Төрөкулдун ысымдарын катар чектиртишет. Мунун себеби  аталарынын  тагдырынын дайны качандыр бир билинерине күмөн санашып, эмнеси болсо да кыйышпас жубайынын жанында жаткандай элестетели дешти окшойт.

Ал аз келгенсип, Айтматовдун апасы Нагима көз жумардын алдында Бүбүсара Бейшеналиеванын оорусу да  күчөпкөкүрөк рагы дарты менен күрөшүп жаткан учур эле.  Бейшеналиева колтугундагы акырын сыздап тынчын алган ооруга маани бербей, акыры колун көтөрө албай калганда гана дарыгерлерге кайрылат. Ошентип, атактуу бийчинин өмүрү да  Фрунзе шаарындагы Айтматовдун иш кеңсесинен   бир көчө ылдыйда жайгашкан ооруканада күндөн күнгө соолуп баратты.

***

Айтматовдун түйшөлүүсү бир нече жыл мурун эле, «Ак кемени» жазган учурдан башталган. Анда советтик социализм табына келип турган учур болчу. Бүтүн өлкө боюнча согуштан кийинки кайра калыбына келтирүү иштери аяктап, кийинки муундун татыктуу турмушу үчүн бардык нерсе жасалды деген коллективдик сезим жайылтылган кез болчу. Бирок, Айтматов материалдык прогресстин алкагынан чыгып, «Ак кемеде» адеп-ахлактын бузулуусунун тарыхын ачып берди. Чыгарманын негизги каарманы – ата-энеси таштап кеткен аты жок бала. Токой чарбачылыгында, Ысык-Көлдүн тоо этегинде төрөбөгөн аялына ызырынган жездесинин каарын көтөрүүгө аргасыз. Жездеси аялын сабайт,  кайнатасы менен кайненесин ашата тилдейт,  курчап турган корук токойду, табиятты ойрон кылып, бүлдүрөт.

Китептин негизги жеринде тайкеси өзүнүн кой оозунан чөп албаган жоош кайнатасын кыргыз мифологиясында Мүйүздүү Бугу-Эне деп өзгөчө аздектелген маралды аттырат. Окуянын аягында бала Бугу-Эненин өлүмү менен тайкесинин зомбулугунан жан дүйнөсү дүрбөлөңгө түшүп, сууга сүзүп кетет. Айтматов чыгармада баланын жездесин Орозкул деп атаган, бул түрк элдеринин кээ биринде «Алланын кулу» дегенди түшүндүрөт. Бирок мындай жан дүйнөсү сокур, айланасындагы адамдарга бактысыздык алып келген каарман үчүн бул ат өзүн актабайт. Бирок Айтматов чыгармаларында ойду ачык-айрым бербей, тереңдетип, чечмелөөнү талап кылып бергенин эске алган окумуштуулардын бир катары аталган каармандын ысымын терең иликтөө керектигин түшүнүштү. Алар Орозкулдун атын чечмелеп, кыргыз тилине жакыныраак «орустун кулу» дегенди билдирерине токтолушкан.

Изилдөөчүлөрдүн ою боюнча Айтматов өзүнө мүнөздүү стилде  Орозкул өзүнүн ичкиликке жакындыгы менен, аялын сабап, жаратылышты бүлдүргөндүгү менен улуттук салттан, тамырынан ажырап,  байланышын үзгөн пенде катары көрсөтөйүн деген. Чыгармада Айтматов Орозкулду табигат менен гармонияда жашаган адамдарга салыштырып, , адамдын жаратылышты жана жакындарын көзгө илбестиги, текеберлиги эмнеге алып келээрин жымсалдатып берген: эгерде советтик системанын натыйжасы болгон бузуку жана акылы тайкы Орозкулдар басымдуулук кылса, дүйнө каразгөйлүккө, зордук-зомбулукка баш ийип, тең салмактуулугун жоготмок[2].

Советтик консерваторлор уккусу келбеген мындай пикирди  Айтматов Эзоптун каймана тили менен бергенинен улам  байкабай калышты окшойт.

***

Жарыкка чыгараардын алдында Советтик цензорлор Айтматовдон романдын трагедиялык финалын компенсациялоо үчүн адилеттүүлүктүн триумфун билдирген эпилог жазуусун талап кылышкан. Чыгарма жарыялангандан кийин кээ бир сынчылар нааразычылыгын билдиришип, Айтматовду жамандыкты жакшылык жеңген, аягында коммунисттик партия кара күчтөрдү жеңээрин көрсөткөн чыгармаларды жазууга үндөшкөн, бир сөз менен айтканда, аны коммунисттик жазуучу болууга чакырышкан.

Жеке чабуулдардан коргонгон Айтматов  китептерин советтик басмада сактап калуу үчүн  өзгөчө чара көрүүгө түрттү.  Ал советтик ыкмада 1970-жылдагы Лениндин 100 жылдыгын белгилөө менен коргонду. Ал совет өкмөтүндөгү либералдардын кампаниясынын бортуна чыгып, Сталиндин кандуу мурасына Лениндин башкаруудагы бир топ ачык жана сабырдуулук мамилеси болгонун көрсөттү.

Бул Синявский менен Даниэлдин процессинен кийин күчүнө кирген консервативдүү партиялык атка минерлердин линиясы болчу. Алар 1969-жылы диссидент жазуучу Александр Солженицынди Советтер Союзунун жазуучулар Союзунан кууп чыгууну пландашкан жана 1970-жылы январда «Ак кеменин» биринчи чыгарылышын «Новый мир» журналына баскандан бир айдан кийин Александр Твардовскийди кызматтан бошоого мажбурлашкан[3].

Жеке чабуулдардан коргонгон Айтматов китептерин советтик басмада сактап калуу үчүн  өзгөчө чара көрүүгө түрттү.  Ал советтик ыкмада 1970-жылдагы Лениндин 100 жылдыгын белгилөө менен коргонду. Ал совет өкмөтүндөгү либералдардын кампаниясынын бортуна чыгып, Сталиндин кандуу мурасына Лениндин башкаруудагы бир топ ачык жана сабырдуулук мамилеси болгонун көрсөттү.

Бул кампаниянын алкагында – дирижаблдин кабелдерине байланган Москванын үстүнөн жарык берилип Лениндин гиганттык портрети түшүрүлгөн. Бир жыл ичинде Ленинге байланышкан адабий чыгармалар, илимий изилдөөлөр жана мемуарлар басылып турду. Айтматовдун бул одаларга салымы – 1970-жылдын апрелинде «Литературная газетадагы» Ленинди даңазалоого арналган макала болду.

Адепт Айтматов «Ак кеменин» сюжеттик линиясын мыйзамдаштыруу үчүн пропагандалык бөлүктү калканч катары пайдаланган. Ал Советтик лидерди «басмырланган элдердин кайра жаралуусунун символу» деп атаган жана Лениндин башка улуттарга сабырдуулугун, көп улуттуу совет өкмөтүн кургандыгын даңктаган. «Ак кеменин» аягын трагедиялуу кылып бүткөндүгүн сындагандарга кайрылып жатып, Айтматов социалисттик реализм ар кандай стилдерге жана улуттук салттарга, анын  ичинде трагедиялуу корутундуларга да жол берээрин жазган.

Айтматовдун жана башкалардын аракетине карабастан, либералдар менен диссиденттердин чабуулу тереңдеп кетти. 1973-жылы Айтматов кошумча коргонуч катмарына ээ болду. Бул бир топ жагымсыз кырдаал эле. Советтик өкмөт батыш өлкөлөрүнүн Андрей Сахаровдун Москвага басым жасоосун колдогондугу үчүн кыжыры кайнап аткан учурда Айтматов да диссидент физик-ядерщикке каршы КГБнын кампаниясына кошулган[4].

Айтматовдун колу 1973-жылдын 31-августундагы «Правдага» жарыяланган отуз бир советтик жазуучунун тизмесинде алфавит боюнча биринчи орунда турган. Сахаровду каралаган катта Солженицын да сөзгө алынып, «Советтик окумуштуулардын ар-намысын жана кадыр-баркына шек келтирген» жүрүм-турумун айыптаган жана Батыштын Кансыз согушту улантууга чакырыгы катары каралган[5].

Интеллектуалдык элитадагы көп инсандар сыяктуу эле Айтматов дагы кол коюуга аргасыз болгон[6]. Анын кол коюусу позициясын жактап жаткан диссидент окумуштуу менен өзүнүн ортосундагы ажырымды ачык көрсөткөн далил эле. Советтик аскердик кубатты өнүктүрүү үчүн багытталган илимий аппараттын тереңинен Сахаров Советтер Союзунун ичиндеги башкача көз караштагы күчтүү фигура катары өсүп жетилди. Ал адам укугун колдоодо бардыгын курмандыкка чалууга даяр эле. Совет системасына баш ийбегендиги үчүн ички куугунтукка алынды, телефону жок, такай көзөмөл астында калды жана социалдык байланыштан бир топ четтетилди.

Өздөрү жашаган системанын ичинде экөө тең нормалдуу жашоону калыптандыра турган жеке инсандын ар-намысын урматтоого жана ачык-айкындыкка, адилеттүүлүккө жана адамдын укугун коргоого багытталган  пикирге келишти. Сахаров тикелей кадамдарды жасачу, а Айтматов өзүнө компромисске ыктаган кыйгач жолду эп көргөн.

Ал учурда Айтматов менен контраст өтө таң каларлык эле: эки инсан баррикаданын эки жагында, бири кас дүйнө менен бетме-бет келди, экинчиси болсо ошол дүйнөдө кайратынан кайтып, каржалды. Бирок, Сахаров өзү такай белгилегендей, «чындык эч качан жөнөкөй болбойт». Бул экөөнүн  окшоштугун эске албай коюуга мүмкүн эмес. Өздөрү жашаган системанын ичинде экөө тең нормалдуу жашоону калыптандыра турган жеке инсандын ар-намысын урматтоого жана ачык-айкындыкка, адилеттүүлүккө жана адамдын укугун коргоого багытталган  пикирге келишти. Сахаров тикелей кадамдарды жасачу, а Айтматов өзүнө компромисске ыктаган кыйгач жолду эп көргөн.

Советтер Союзундагы прогрессивдүү жазуучу катары Чыңгыз Айтматов жан багып кетүү компромиссинде өзүн бир аз сатып кетти. Кечирээк Айтматов өзүнүн жасаган иши үчүн өкүнөт, бирок ошол маалда анын койгон колу жазуу эркиндигин ыйгарган жакшы кепилдик болчу.

***

Советтик окурмандар үчүн «Ак кеме» Советтик Борбор Азиядагы жашоо жөнүндө ачуу чындыкты айткан чыгарма эле. Бирок, орус  тилдүү элдик жомокторду которуп жүргөн белгилүү котормочу Гинзбург америкалык рынок үчүн бул повесть  саясий кат гана эмес, байыркы легендалар менен элдик жомоктордун эсебинен коммерциялык потенциалы бар чыгарма экендигин сезген. Анын ою боюнча китептин ыгын келтирип сатса, америкалыктардын сезимдеринен түнөк тапмак.

Гинзбург туура кылган: ал китептин котормосун Нью-Йорктогу Crown Publishing басмасына жомок түрүндө саткан. Crown Publishing басмасынын маркетологдору 11 жаштан 13 жашка чейинки америкалык өспүрүмдөргө басым жасап жатып, Айтматовдун советтик повестинин универсалдуу: байыркы легендалар менен салттар сакталышы керекпи деген жашыруун сырын, пикирин белгилешкен.

 «Ак кемени» эки жыл бою которуп жана редакциялап жатып, Гинзбург аны АКШда коммерциялык ийгилик күтөөрүнө ишенген[7]. «Менин жеке оюмда, – деп жазат ал 1971-жылда өзүнүн «Crown Publishing» басмасындагы редакторуна, – китеп мыкты жазылган, анын көркөмдүүлүгү күчтүү, ошондуктан өмүрү узун болот».

Гинзбургдун болжолдогону ишке ашты. Ал которгон чыгарма – Айтматовдун америкалык рынок үчүн алгачкы которулган чыгармасы – ийлигиктүү дебют болду. Kirkus Reviews гезитинин пикири боюнча, ал 1972-жылдын балдарга арналган 100 китептин ичинен эң мыкты китеп деп табылган жана мыкты балдар китеби үчүн  Милдред Батчелдер деген зобололуу сыйлыкка татыган.

***

Айтматов менен баарлашуу Гинзбургдун кызыгуусун ого бетер арттырды. Чыгармачыл катмардан чыккан эркин ой жүгүрткөн аялды  коммунисттик партиянын лоялдуу  мүчөсү болгон жазуучу кантип ушундай ачык-айкын прозаны жазганы кызыктырды. Бул эч кимге окшошпогон, диссидент да эмес табити назик уникум ким болду экен? Ал жооп издөө үчүн Нью-Йорктогу өзү жакшы билген бир кыргызга кайрылат.

Азамат Алтайга Мирра Гинзбург адис катары мурда да кайрылып жүргөн – Орто Азия элдеринин жомокторун которуу мезгилинде  зарылдыгына жараша бир нече жолу баарлашкан. Ошондуктан, ал Алтайдан Айтматов жана «Ак кеме» жөнүндө сураганда Алтай жардам берүүгө жан дили менен макулдугун берген. Анын суроолору кагазга жазылып келип жатты, ал эми жооптору «Ак кеменин» баяндоолоруна толгон жана Кыргызстандагы кырдаал жөнүндө докладдар салынган манилдик конверттерде келди. Алтай Гинзбургга ошону менен катар эң кымбат нерсени: «Ак кемедеги» Айтматов сүрөттөгөн өзүнүн дүйнөдөгү жетилүү тажрыйбасын дагы кошуп берди. Ал өзүнө көлдү да, тоолордогу дарактарды да, ошону менен катар кыргыз баласы үчүн өзүнүн жети атасын билүү эмне себептен маанилүү экендигин дагы камтыган маалыматтар эле.

Бул экөө Айтматов жөнүндө акыркы жаңылыктарды бири-бири менен бөлүшүп жатып, өздөрү  жакшы билген ошол адам менен качандыр бир жолугуша алар бекенбиз деп  кыялданышчу. Алар желаргы убагында жаңы пайда болгон мүмкүнчүлүктөрдү издей башташты.

***

1970-жылдардын башында Азамат Алтай Нью-Йоркто, Куинсте «америкалыктарча» турмуш куруп жашап жаткан. Ал 1967-жылы жапжаңы Форд сатып алат, 1972-жылдары Сание экөө 68 000 долларга үй сатып алып, ага бир топ жыл бою  жашаган көп кабаттуу үйдөн көчүп чыгышат.  Квинстин Флашингиндеги Парсонс-бульварында жайгашкан үч кабаттуу, кызыл кыштан салынган таунхаус Америкадагы этникалык ар түркүн эл жашаган райондо жайгашкан эле.

Бул шаардын четиндеги дем алыш күндөрү чиркөөнүн коңгуроосу угулган жашылдандырылган, тротуарында балдар ойноп чуркаган район эле.  Көчөнүн жогору жагында окчун жерде эле католиктердин Ыйык Куткаруучу мектеби жана Ыйык Анна чиркөөсү бар болчу. Сырттан караганда гана ушундай көрүнгөнү менен, Алтайдын кызыл кыштан салынган үйүнөн бир нече миль ары эле индиялык, пакистандык жана тайвандык иммигранттар салттуу ирландиялык жана италиялык кварталдарга өзгөчөлүк ыйгарып турчу. Бир нече жылдан соң мечиттер менен индуисттик храмдар чиркөө жана синагогалар менен кошуна болуп жайгашып калышат[8]. Алтай да иммигрант болгондугуна байланыштуу ал жерге жарашып эле калды.

Ошол күндөрү Алтай үч жумушта иштөчү, сутканын сегиз саатын Колумбиянын университетинин Батлер китепканасында, «Азаттык» радиосунун корреспонденти болуп иштеген жана 1973-жылдан баштап Библияны кыргыз тилине которгон.

Жумуштан бош убактында ал Борбор Азия жөнүндө маалымат алууну каалаган Гинзбургга окшогон адамдардын өтүнүчтөрүн аткарган. Калган бош убактыларында жашылча-жемиштерди: шабдалы, алма жана сабиз өстүрүп, келген конокторуна дасторкон жайчу. «Америка – мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү» деген түшүнүк Борбор Азиядан келген дыйкан-баланын дилинде чын жүрөктөн кабыл алынган. Алтай үчүн: «Тер төгүп иштеген адам жыргалчылыкка жетишет» деген турмуштагы девиз эле.

Азамат Алтай Колумбия университетиндеги мурдагы жетекчиси Роберт Карлович менен үйдүн короосунда, Нью-Йоркто, 1970-жылдар. (Фото Роберт Карлович тарабынан берилди).

Бирок бул гүлдөп өсүүнүн баасы бар эле. Анын Колумбия университетиндеги иши Кыргызстандагы окуялардан кабардар болууга мүмкүнчүлүк берип турчу, бирок ошону менен катар анын өзүнөн баш тартуусун жана үй-бүлөсү менен байланышынын жоктугун такай эске салып турган.  Кээде гана ал өзүнүн айылы жөнүндө маалымат алып турган. 1960-жылы ал төрт айлык алмашуу программасы менен Кошмо Штаттарына келген кыргыз киши менен таанышыптыр. Жолдош Жусаев кыргыздарга мүнөздүү ак көңүлдүүлүк жайы бар адам экен. Алтайдай эле Жусаев дагы Ысык-Көл облусунан эле, ал кайра кайтканда Алтайдын саламын атасына айта бармак болот.

Алтай бул кырдаалда атасы менен байланышуу мүмкүнчүлүгүн көрөт. Эгерде Жусаев анын атасын тапса, Советтер атасына аны көрүү үчүн мүмкүнчүлүк бериши ыктымал эле. Бул Борбор Азия үчүн советтик «кара тизмеде» жүргөн аты чыккан Алтайга байланыштуу болгону үчүн   өтө кооптуу иш болчу.  Бир аздан кийин Жусаев кат жазат. Ал Корумдуга 1965-жылы барат да, Алтайдын атасынын инисинин уулу Бекбоону жолуктурат. Ал Алтайды АКШда көргөндүгүн жана Алтайдын катын атасына берүү керектигин айтканда Бекбоо Жусаевди катуу кагып коет. «Биздин Кудайберген аттуу тууганыбыз жок. (Азамат Алтай деген Америкага барганда алган аты. Азан айтылгандагы аты Кудайберген Кожомбердиев). Биз аны билбейбиз» — дейт Бекбоо үйүнө киргизбей.

Айласы алты кеткен Жусаев айылдан Алтайдын үйүнө алып бара турган кишини издөөнү эп көрөт. Акыр-аягында ага Кожомберди Теке уулу (Теке – Азамат Алтайдын атасы) бир нече жыл мурда көзү өтүп кеткендигин айтышат. Бул кабар Алтайга жеткенде ал терең кайгыга батат. Ал атасын өмүрүнүн аягына чейин куугунтукталган уулунун тагдырына күйүп жүрүп өткөн жалгыз адам катары сар-санаага баткандыгын көз алдына элестетет. АКШда калып калып, Алтай өзүнүн уулдук милдетин аткарбады жана атасын ислам салты боюнча көмө албады.

***

Кайгынын тереңине баткан Алтай Курандын дубаларын окуп, өзүнүн бөлмөсүндө кайрат Анан ал Айтматовдун китептерин окуучу.

Алардын баары китеп текчесинде турат,  «Жамиладан» «Ак кемеге» чейин. Кабелдик телеберүү, почта жана Интернет дооруна чейин Айтматовдун чыгармалары анын куткаруучу жалгыз медери болчу.  издеп, сооронуп жатты.

Иштен кийинки кечтерде көп жылдар бою чогулткан Борбор Азиянын тарыхы, адабияты жана маданияты боюнча орточо эсеп менен беш миңдей тизилген  китеп текчелердин арасынан ал конверттен кыргыз элдик музыка жазылган пластинканы алып чыкчу да, фонографка койчу. Эшиктеги кеч түнгө айланган сайын, Алтай Борбор Азиянын кылымдык күүлөрүнө өзүн кайрадан тоолорго, балалыгы өткөн жайлоолорго алып кеткенге табыштачу.

Анан ал Айтматовдун китептерин окуучу. Алардын баары китеп текчесинде турат, «Жамиладан» «Ак кемеге» чейин. Кабелдик телеберүү, почта жана Интернет дооруна чейин Айтматовдун чыгармалары анын куткаруучу жалгыз медери болчу. Эскерүүлөрү убакыттын өтүшү менен эстен сүрүлүп бараткан адам үчүн Айтматовдун аңгемелери  адабий ачык кат эле. Айтматов «Ак кемедеги» окуя болгон жер катары Ысык-Көлдү тандаган эмес беле…» Токой чарбачылыгындагы лагерь жайгашкан токой, көгүлтүр көл, тоого кеткен ийри-буйру жол – мунун баары Алтайга бала кезинен тааныш болчу. Ал Айтматовдун эң алгачкы чыгармаларындагы көлдү сүрөттөгөн саптарды эсинен али чыгарбай келет:

 «Ак чалгын көк толкундар жабалактап бирин бири кубалап келип, сары кумдуу жээкке жабылат. Күн тоону ашып баратканга л жээктеги келбети тамылжып турат. Көлүдн наркы бетиндеги көгүлтүр мунарыктан тоолордун карааны көрүнөт. Төбөсүн боз чалып, булуттуу сыяктанат[9]»[10]

Бул Айтматовдун каармандары эле: теги белгисиз Данияр менен качып кетип, салтты бузган көз карандысыз Жамила жана Айтматов сезими дүрбөлөң түшкөн адам катары сүрөттөгөндөгөнгө бел байлаган, Совет өкмөтүнүн көз карашында дезертир саналган Ысмайыл. Ага көп жолу Советтер Союзунда нон-грат (келиши жактырылбаган) адамдыгын, Ысмайылдай эле жада калса ата-энесинин аркы дүйнөгө узашына катышканга укугу жок бир шордуу экендигин көп жолу эстетип турушкан. Ошого карабастан, бул дүйнөдө салтты чанып кеткен адамды каарман кылган, саткындын адамдыгын көрсөтө алган Айтматов бар эле.

«Чыңгыз – адилет адам, – дечү өзүнө Алтай. – Ал коркпойт».

Башка кыргыздар Алтайды адам катарынан чыгарып койгон учурда Айтматовдун прозасы жубатуучу, арка-бел болчу. «Чыңгыз – адилет адам, – дечү өзүнө Алтай. – Ал коркпойт» [11].

***

Ошол эле убакытта, 1973-жылдары Фрунзеде, ишине кетип баратып дайыма  Айтматов Бейшеналиеванын күндөн күнгө алдан тайып баратканын көрүп, жан дүйнөсү эңшерилчү. Бейшеналиева Айтматовдун  ал үчүн азап чеккен абалын карап туруп, мен жок болгондо кантээр экен деп түйшөлчү. Бир жолу ал терезеден Айтматовдун дарбазага жөлөнүп, ийиндери титиреп, өксүп, бетин басып турганын көрүп калат. «Менсиз бул кантээр экен?»[12]  — деп өзүнө суроо салат.

Бүбүсара Бейшеналиева 1973-жылдын 10-майында дүйнөдөн өтөт. Айтматов аны менен Мамлекеттик Опералык Театрдагы коштошууда уят-сыйытты жыйып коюп ачык эле буркурап ыйлап коштошот.  «Эл кайдан билсин, Бүбүсараны жоготуп жатып мен өзүмдү жоготкондой эле болдум[13]», — дейт ал кечирээк.   Жанында отурган партиялык атка минерлер анын өзүн кармай албай боздогонун жактырышпай, залдан чыгарып салууну сунушташкан. «Аялы, үй-бүлөсү бар» — деп текеберленип кеп кылышып жатты алар.

Бул мындайча айтканда, Айтматов терең кайгыга чөмүлүп, бели майышып турса да, партиялык атка минерлер ага асылганын койбоду.

***

Чыңгыз Айтматов расмий чектөөлөргө карабастан тайманбаган ойлорду камтыган чыгармаларын жарата берди. «Ак кемеден» соң алгачкы «Фудзиямада кадыр түн»  пьесасын жазды. Казак драматургу Калтай Мухамеджанов менен биргелешип жазган «Фудзиямада кадыр түн»  эмгеги Сталиндин жетекчилигинин айынан пайда болгон параноянын Экинчи Дүйнөлүк согуштан он жыл өткөндөн кийин жаратылышта эс алууга чогулган төрт кыргызга чейин жеткендигинин бетин ачат.  Пьесанын аталышы япон салтынан аталган, анда ар бир буддист өмүрүндө кеминде бир жолу Фудзиямага чыгып, өзүнүн күнөөлөрүнөн арылышы керек.

Чыңгыз Айтматов иш бөлмөсүндө 1972-жылы, бул болжолу менен «Фудзиямада кадыр түн» пьесасын жазуу үстүндө (Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архиви)

Пьесадагы драмалык чыңалууну чогулган теңтуштардын арасында мугалими Айша апанын болушу жана анын Сабыр деген досунун тагдыры жөнүндө суроо бериши күчөтөт. Ал – адамдардын коллективдик ыйманы, метафоралык тоо, анын көзүнчө адамдар Сабырдын көзүн ким тазалаткандыгын, Айша апанын көзүнчө Советтик аскер бийлигине анын пацифисттик поэма жазгандыгын ким айтып барып да, ким сатып кеткендигин талкуулашат.

Чыгармаларында каармандарына Советтик коомдогу жогорку деп эсептелген – агроном, профессор, журналист жана мугалим даражаларын ыйгарып коюп, Айтматов социалдык абал адеп-ахлактык жана этикалык баалуулуктарга каршы келээрин көрсөткөн, бул деген адам коммунисттик партиянын тепкичинде канчалык жогору болсо, өзүнүн даражасын ошончолук түшүрүп алышы мүмкүн экендигин белгилеген. Зирек окурман Айтматовдун каарманынын: «Адамзатты куткаруунун универсалдуу схемасына киришээрден мурда ыйман алдында пакиза болуу зарыл» деген сөзүн айтуусу менен автор Советтик коммунизмдин эки жүздүү жаратылышын аныктайт. Башкача айтканда, адеп-ахлактык жактан куру жалак калган Советтер Союзу дүйнө жүзүнө революция жасоо аркылуу кайсы бети менен өзүнүн моделин жайылтат?

Айтматов Фудзияманы ыйык жер катары көрө алган, ал эми ошол мезгилдеги Кыргызстандын Коммунисттик партиясынын башчысы Усубалиев башкача ойдо эле. Ал ондогон жылдар бою Айтматовду жардан кулатууга аракет кылган. Анын жетекчилиги астындагы Кыргыз коммунисттик партиясы 1964-жылдан баштап, ал Ленин атындагы премияны алгандан кийин бир да китебин кыргыз тилинде чыгарууга мүмкүнчүлүк берген эмес.

1973-жылдын июль айында Усубалиев жазуучуга дагы бир чабуул жасады. Кыргызстан партиясынын атка минерлерине кайрылуусунда ал жазуучулар менен акындарды антироссиялык жана антисоветтик маанайга карата республикадагы кооптуу көз караштарга шыкак берип жатат деп сынга алган.  Усубалиев Айтматовдун атын ачык атабаса да, атаандашын «тоолук көз карашты тумар туткан» жана өткөн учурду даңктаган жазуучулардын катарында көрүп кескин сын айткан. Ал жазуучуларды тоолорду «адамдарга катуу таасир берген» наркотик катары сүрөттөгөндөр катары каралаган[14]. Андан соң Коммунисттик партиянын башчысы Советтик коммунисттик партияны жана Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасындагы социалдык прогрессти түзүүдө жазуучуларды жана акындарды орус элин  даңктоого үндөгөн эски идеологиялык репликасын таштайт.

Мындай акылсыздыктын алдында Айтматов өткөн мезгилдин чыккынчылыгынын бетин ачууну максат кылып, ошого көшөрөт. Жазуучулук ал үчүн дайыма жекече, аялуу тема эле. «Ак кемедеги» атасыз жетим баланын баяны болсун, «Бетме беттеги» же «Саманчынын жолу» чыгармаларындагы аял каармандар болсун. Атасынын өлүмү жөнүндө суроого жооп издөө аракетинде – советтик коомдун кандуу репрессия үчүн моюнга албаган күнөөсүн айыптоо катары Айтматов «Фудзиямада кадыр түндү» жазат.

Анткени, сыртынан атагы таш жарган жазуучу көрүнсө да, ал жан дүйнөсү жабыркаган, сезимтал бала бойдон  кала берген. «Бул жерде, Жер шарында – биз убактылуу жашоочуларбыз», — дейт ал Фрунзеге 1974-жылы батыштан келген корреспонденттерге. «Тоодо алсыз байчечекейлер өсүшөт. Адамдар аларды үзүшөт да, шаарга алып келишет. Үзүлгөн гүлдөр мага башын жерге салган оорукчан наристелерди эске салат. Мындайча айтканда гүлдөрдү кыруу. Бул арзыбаган нерсе көрүнөт, бирок бул абдан орчундуу болушу мүмкүн. Адам мына ушундай майда нерселерден өсөт[15]».

«Фудзиямада кадыр түн» актыкты, адилеттүүлүктү тирилтүү, «чындыкты коргоо үчүн баррикада» куру боюнча Айтматовдун миссиясынын уландысы эле[16]. Пьесаны өткөрүштү, аны үчүн Айтматов казак партиясынын көрүнүктүү жетекчиси Динмухамед Кунаевге кайрылып, Советтер жетекчилигине, анын ичинде балким, Леонид Брежневге айтышын өтүнгөн деген кеп бар[17].

***

Айтматовду АКШга чакыруу боюнча Азамат Алтай менен Мирра Гинзбургдун аракетинен эч кандай майнап чыккан жок. Советтердин бардык жарандарындай эле Айтматов дагы өкмөттүн макулдугу болбосо чет мамлекетке барганга мүмкүнчүлүгү жок туткун эле. Аны  АКШга чакыруу боюнча маселени өзү көтөрүп, Гинзбургдан өтүнөт. Бирок 1973-жылдагы Сахаровду каралоо боюнча коомчулук астындагы анын кол коюусу олуттуу маселе болгон окшойт. Ал кампанияда анын катышуусу Америкалык тарап үчүн тоскоол катары көрүнгөндөй. Алтай өзүнүн мемуарларында Айтматов Сахаровго каршы кампанияны колдогондугу үчүн Гинзбург ага жардам берүүдөн баш тартты деп жазат. Кандай болсо да, Айтматовдун Гинзбург менен байланышын үзгөндүгү мындай саясий теманы талкуулоо аны ого бетер узак мөөнөт күтүүгө кириптер кылаарынан корккондугунан кабар берет.

Бирок, Америка менен Советтер Союзунун ортосундагы саясий чыңалуу азайып, космостук ишмердиктин күчөшү менен «Аполлон — Союз» ракеталарынын биригүүсүнө байланыштуу Айтматов АКШга июль айында барганга жагдай түзүлө баштайт. Буга америкалык алдыңкы Arena Stage театралдык топтун «Фудзиямада кадыр түн» пьесасын сахналаштыруу чечими шылтоо болду.

***

Эгерде АКШда мындай мүмкүнчүлүккө ээ театр болсо, анан да америкалык-советтик мамиленин жакшырышын пайдаланганга мүмкүнчүлүк болсо, аны «Arena Stage» труппасы гана пайдалана алмак. 1970-жылдары «Arena Stage» Колумбия округундагы Вашингтондо өзүн алдыңкы театралдык компания катары көрсөтө алды. Айына кеминде бир шоу коюп жатып, ал саясий туруктуу Вашингтон шаарынын сүймөнчүгүнө айланды. Бул «кансыз согуштун душмандарына» да тийиштүү эле, ал эми маданият боюнча советтик атташенин аялы «Arena Stage» койгон чыгармаларына көз жашын көл кылып төкчү деп айтылат[18].

Мындай реакция желаргы доорундагы келечеги жаркын болгон «Аренанын»  эл аралык ишине жакшы жышаана болчу. 1973-жылы Мамлекеттик департамент тарабынан америкалык пьесаларды Советтер Союзунда коюу боюнча инновациялык маданий алмашуу үчүн Arena Stage тандалып алынган.

Arena Stage труппасынын «Салыштырмалуу артыкчылыгына» анын «Россиянын байланышы» болду. Жыйырма жыл бою пьеса коюп келген театралдык компанияны Корнель университетинде орус тили жана адабияты боюнча бараандуу окумуштуу  Зельда Фичандлер жетектеген. Ал эми 1920-жылдары үй-бүлөсү менен АКШга эммиграциялаган труппанын директору Алан Шнайдер Россияда төрөлгөн орус тилдүү адам эле. Анын жетекчилиги менен коюлган Чеховдун пьесалары театрдын таянычы саналчу.

Өнүгүү болуп жатты. «Arena Stage» Россияда, 20-кылымдын башында иштелип чыккан Станиславскийдин методун тандаган, анда актерлор өзүнүн каарманынын эмоционалдык жашоосуна толугу менен «сүңгүп кирип» кетиши талап кылынчу. Ак көңүл, терең ойчул Фичандлер Станиславскийдин методун «адамдын жан дүйнөсүн жана анын татаалдыгын билгендик» деп баа бергенди жакшы көрчү[19].

Колумбия округундагы Вашингтондун театралдык компаниясы Советтер Союзунда 1973-жылы октябрь айы үчүн өзүнүн репертуарынан эки спектаклды: Нью-Хемпшир шаарчасындагы жашоо жана өлүм жөнүндө Торнтон Уайлдердин куйкумдуу курч «Биздин шаар» жана Американын түштүгүндөгү 1920-жылдардагы интеллектуалдык эркиндикти коргоо жөнүндө чыр-чатактуу «Бороон сепсең» пьесасын даярдады. 29-сентябрда труппанын 68 мүчөсүн — актерлор, режиссерлордун, визажисттердин, жарык берүүчүлөрдүн жана үн операторлорунун командасын Даллас аэропортундагы «Trans World Airways» самолетуна отургузушат. Самолеттун жүк салуучу бөлүгүнө 10 тонна декорация, костюмдар жана реквизиттер, ошондой эле капасында ары-бери секирген маймыл да салынган. Ооба, «Arena Stage» труппасынын орус уюштуруучусунун сөзү боюнча, орустардын бардык «маймылдарынын колу бош эмес жана иши көп» болгондугуна байланыштуу, «Бороон сепсең» үчүн реквизит катары өзүнүн маймылын алып барганга мажбур болгон[20].

Москва, Ленинграддагы кечелер дүркүрөгөн аншлаг менен өтүп, 14 кеченин билети сатылып кетти. Рецензенттер «Биздин шаардан» акыл-эстен адаша түштү окшойт.  «Ал кайсы бир жалпы аккордго тийип кеткендей болду», — деп жазды  Вера Марецкая  «Литературный газетага». «Ал жөнөкөй, бирок өтө чеберчилик жөндөм менен бизге, жалпы баарыбыздын тагдырыбыз жөнүндө айтып берди» [21]. Сахнада америкалык  жана россиялык актерлор түшкү тамагы, окуялары жана арак-шарабы менен бөлүшүп жатышты. Америкалыктар үйлөрүнө кайтышты, бирок алардын эсинен ээ-жаа бербеген жаш режиссер Олег Табаковдун коштошуу сөздөрү кете койбоду. Табаков «Арена» жана «Современниктин»  чогулган жамаатынын алдында «Россияда сүрөткерлер эч нерсе кыла алышпайт; бир гана саясатчылардын колунан келет», — деген эле. – «Бирок сүрөткерлер эмне жасашты көрсөтө алышат[22]».

***

Эки жыл өткөндөн кийин Зелда Фичандлер «Фудзиямадагы кадыр түндүн» көчүрмөсүн алып – пьесаны америкалык сахнага даярдоо үчүн сүйлөмдөрүн кыскартып, керексиз кайталанмаларын алып салып же le mot juste (ылайыктуу сөздөрдөн) кошуп чыкты. Кызыл, жашыл жана боз карандаш менен сызылган белгилер сценарийдин барактары боюнча өйдө-ылдый секирип турду. Фичандлер пьесанын баяндоо линиясы тууралуу өзүнүн пикирин жазып жатып, Айтматовдун каармандарына окшогон, өзүнүн турмушунан алынган дал келүүлөрдү, дал ушундай туңгуюкка кабылган учурларын, дүрбөлөң мезгил жөнүндө жерлерин белгилеп кетип жатты.

Уотергейт чатагынын кесепетин жана ЦРУнун чет өлкөлүк өкмөттөрдү төңкөрүү боюнча Капитолийдеги жашырын иштери жөнүндөгү чатагына алып келген американын саясатынын бардык оош-кыйышын көрүп туруп, Фичандлер пьеса универсалдуу мүнөзгө ээ деп эсептеген: «Бул пьеса бизге көп нерсени айтып берет, мына азыр жана ушул жерден», — деп жазылды жарнамага.  «Бул жерде, улуттун борборунда, азыркы учурдагы абийир  дилеммасынын кагылышы болуп жатат».

Arena Stage, Олег Табаковдун сөзүн жүрөккө өтө эле жакын кабыл алгандай туюлду. Аныгында, 1973-жылы Москвада «Современник» театры «Фудзиямадагы кадыр түндү» коюп жатканда көргөндөгү чыккынчылык, абийирсиздик жана этикалык коркоктук темасы Фичандлер менен Шнайдерди биротоло чырмап алган эле, бул аларды пьесаны Вашингтондо, Колумбия округунда койгонго ынандырган болчу.

Бирок Фичандлер Arena Stage декорациянын долбоорлоо жагын жакшы алып барат деп ойлогон. «Совремменник» театры койгондой, психоаналитиктердин топторунун жардамына окшотуп, пьесаны тегеректеп ойнобой, Arena Stage  спектаклди тоонун антуражында койду. Сахнанын четтерин театралдык сүрөтчү Минг Чо Ли боз үйдү курчаган тоолор менен тосуп чыкты.  Тоо, каармандар үчүн жасалган, айыл жеринде эс алууга чыккан адамдар отургансыган бурчтар, жараңкалар менен бирге сценанын ортосунан улам жогорулап көтөрүлүп баратты. Эркек  каармандар көптөгөн ортоазиялык баш кийимдерди, анын ичинде тебетейлерди жана кыргыздын улуттук шуштугуй калпагын кийишкен.

***

ал Фичандлерге Колумбия университетинен бирөөнү тапканын, «өлкөдөгү көп кыргыздардын бири экенин» билдирди.

1975-жылдын майында Фричандлердин репетициялык графиги жыш эле, спектаклдер июнь айына белгиленип жаткан. Көңүл бура турган – маселен Сабырдын пацифисттик поэмасын кыргыз тилине которуу маселеси өңдүү майда деталдар да бар болчу. Фичандлер билеттин афишасына кыргызча версиясын жайгаштыргысы келген, бирок анын колунда орусча жана англисче версиялары гана бар эле.  Arena Stage труппасынын коомчулук жана басма сөз боюнча адиси Элтон Миллердин кыжыры кайнап турду: орус тилине которгон башка иш, ал эми кыргыз тилин билген адамды кайдан тапмак?

Байланыштарды пайдаланып, анын ичинде мүмкүн Мирра Гинзбург да бардыр, Миллер бир адамды тапты. Нью-Йоркто Азамат Алтай менен жолугушуп, ал Фичандлерге Колумбия университетинен бирөөнү тапканын, «өлкөдөгү көп кыргыздардын бири экенин» билдирди[23]. Алтай мындай өтүнүчкө тез эле макул болуп, өзүнүн китепканасынан адабий журналдын акыркы номерин таап, андагы ырларды кыргыз тилине которо салды. «Arena Stage» ага компенсация катары акысыз билеттерди сунуш кылганда, Алтай анын ордуна пьесаны көрүп кетүүгө Айтматовдун өзүн  театрга, Вашингтонго чакырууну сунуш кылды.

Желаргыга мындан да көбүрөөк таасир этүү мүмкүнчүлүгүн көрүп турган  Arena Stage АКШнын Мамдепартаментин АКШ менен СССРдин ортосундагы маданий алмашуунун алкагында Айтматовду чакырууга көндүрдү. Айтматов АКШнын визасын алды, ал эми Советтер өкмөтү көрүнүп тургандай, ортодогу мамилелердин жылуулап бараткан мезгилинде Айтматовдун бул саякатына каршы болгон жок.

Айтматов Мирра Гинзбурггка өзүнүн 1975-жылдын 24-июнунда Вашингтонго, Колумбия округуна келе тургандыгы жөнүндө кыскача билдирүү жазды. Аны чечмелей келгенде, ал жолдон калтырган себептер жөнүндө, мүмкүн Сахаровдун жазгандарына кол коюусу тоскоолдук кылды дегендей жазыптыр.

 “Дүйнөнүн булуң-бурчунда, ар кандай саясий системада  жашаган адамдар, экинчи бир адамдын башынан өтүп жаткан кырдаалды жана күндөлүк түзүлгөн бардык татаалдыкты түшүнө беришпейт”. Бирок өткөндү талкуулоо ошо бойдон кала берди. Айтматов Американын босогосуна жакындап калган. “Американын эли менен таанышуу үчүн океанды кесип өтүү, бул мен үчүн чоң окуя”” [24], — деп жазды ал.

***

1975-жылдын июнь айындагы баяндамалар «Arena Stage” труппасындагы “Фудзиямадагы кадыр түндүн” коюлушун абдан жогору баалап жатышты. Фичандлердин режиссурасы, Минг Чо Линин тоо курчаган сахнасы жана дизайны америкалык көрүүчүнү  экзотикалык жерге алып түштү[25]. “Newsweek Фичандлердин” “жакшы коюлган,  эң мыкты ойнолгон пьесасы” “провокациялык маданий окуя”” сыяктуу деп белгилесе,  «The Washington Post” Фичандлерди “пьесанын ички ритмин, андагы турмушту” таба алгандыгы менен куттуктады[26].

Фичандлер айымдын өзү жакшы пикирлерге таң калды. “Мен деле кимдир бирөө келет деп ойлогон эмес элем”,- деп эскерет ал интерьвюсунда көп жылдардан кийин.  “Биринчи актыда эч нерсе болуп өтпөйт, баары жайма-жай сүйлөшүп, жумуртка, жашылча-жемиштерди кесип жеп отурушат. Бирок аудитория өз ичинде жекелик, моралдык, сырдуулук, жан-дүйнө тажрыйбасын сезип турду.  Бул алардын дем алып жатканынан байкалып жатты. Шырп эткен добуш чыкпады.  Көрүүчүлөрдүн реакциясы ушундай болгон эле[27]”.

Айтматов 4-июлдагы коюлушунда залда отурду. Анын колунда  Алтай кыргызчага которгон, тышындагы көрүнүктүү жерге “Сабырдын каргашалуу поэмасы” жайгаштырылган “Фудзиямадагы кадыр түндүн” билети бар эле. Көп өтпөй “Arena Stage”де дал өзү ойлогондой оюндун коюлушу жүрө баштады. Америкалык труппа кансыз согуш жүрүп жатканда, анын оюн туя алган болчу.

Оюндун аягында Айтматовдун өзү, актёрлордун изи менен сценага чыга келди. Көрүүчүлөр тура калып кол чаап турушту. Ал көпчүлүк менен бирге кол чабышып, ыраазычылык менен «Рахмат»  деп жатты.  Сахнанын ортосундагы, тоо этегинде  эс алуу үчүн коюлган текчеде Айтматов ар бир актёрду кучактап чыкты[28].

Ошол учурда Американын басма сөзүнүн көңүлү Александр Солженициндин Америкага келишине бурулуп турган, ал Советтер Союзунан куулуп чыкккандан кийинки жылдын башында, айрым америкалык байкоочулар Советтер Союзунун ичинде Айтматовдун кадыры өсө баштаганын байкагандай болушкан.  “Newsweek” пьеса тууралуу баяндамасында Советтер Союзунда кыргыз жазуучусунун таасири арткандыгын белгилеген[29].

Аныгында, Солженицын жана  Бродский өңдүү  диссидент жазуучулар Америкага дайыма күчтүү таасир берип келсе, ал эми Айтматов өңдүү авторлор көңүл бурууга татыктуу экенин түшүнүү да өсүп бараткан. “Washington Post” газетасынын Москвадагы кабарчысы Питер Оснос бир нече макалаларында, анын ичинде «Дайыма окулуучу жазуучулар» деген макаласында бул маанайды колдоп чыкты. Ал Айтматовду СССРдеги цензура менен «өз үстөлү жана өз аң сезими менен» күрөшүп жаткан жазуучулардын контексинде эсине алат[30].

***

Төртүнчү күнү, 17-июлда, советтик жана  америкалык космикалык кораблдар жерден 100 миль бийиктикте, өзүнүн тарыхый       биригүүсүнө даярданып жатканда, Азамат Алтай жумуш күнүн Метрополитен-операда Чоң театр койгон «Борис Годуновду» ойнолуп жатканы тууралуу окуудан баштады. Баяндоо “The New York Times” Чоң театр өткөн жумаларда койгон көрсөтүүлөрүн жазып чыккан баяндамасына окшош болчу. Иш жүзүндө Чоң театрдын Метрополитен-операдагы резиденциясы дээрлик бир ай бою – актёрлордун нукура оюну, эң мыкты оркестр жана чыгаан режиссура деген баяндамаларды кайталатып турду.

Бирок Азаматтын бүркүттүкүндөй алгыр көзү бир кырдаалды дароо баамдады: жаңы Борис Годунов «Тибетке жакын турган советтик Орто Азия республикасынан, Кыргыз Республикасынан келген, «чыгыш» адамы эле[31]. Кыргыз адамынын кулк-мүнөзүн жана адатын жакшы билген Алтай өзүнүн мекендешинин – бас ырчы Болот Миңжылкыевдин изине түшүп – ал жайгашкан мейманканага жөнөдү. Кире бериштен ал Болот Миңжылкыевдин номерине телефон чалды.

«Мен, тагдырдын тамашасы менен башка жерде жашап калган кыргызмын — деп тааныштырды өзүн Алтай. — Мен Колумбия университетинде иштейм жана сиз менен таанышкым келет».

«Мен дагы кыргызмын агай» — деп ийкем жооп берди 35 жаштагы  опера ырчысы, Алтайга урмат менен агай деп кайрылып. «Беш мүнөт бериңиз».

«Менин туугандарыма билет тапкыла, же болбосо ырдабайм» деп талап кылды.

Чоң театрдын чоң труппасына америкалык жарандар менен жолугушууга катуу тыюу салынса дагы, эркиндикти сүйгөн Болот Миңжылкыев холлдо турган КГБнын кызматкерине көңүл буруп да койбостон, Алтай менен бирге чыга келди. Ал аларды көзгө илбей койгондугунун себеби, бүткүл дүйнөгө таанымал опера ырчысы болгондугунан эмес эле, ал үчүн кайда жүрбөсүн кыргыз – кандаш тууганы болчу.

Бул окуяга чейин бир нече жумалар мурда, Вашингтондо, Колумбия округунда Миңжылкыев чуу салып, эгерде Германиядан келген эки кыргызга орун таап беришпесе, таптакыр сценага чыкпай кое турганын айткан. Билет калбай калганын айтышканда, кыргыз ырчысы башындагы паригин жулуп алып, гримденген үстөлүнөн тура калып жөнөгөн. «Менин туугандарыма билет тапкыла, же болбосо ырдабайм» деп талап кылган. Спектакль эми жаңы башталып жатканда, айласы кетип ызы-чуу түшкөн театрдын администрациясы бир гана орунду – президенттин балконун сунуш кылган. Ариясын аткарып болгон Миңжылкыев адегенде  балкондо отургандарга, андан кийин көрүүчүлөргө таазим кылган. Америкалык көрүүчүлөр президент да келип калганбы деген ойдо, балконго бурулушуп кол чаап жиберишкен. Ошентип, Миңжылкыев катардагы кыргыздарды элитага айлантып жиберген эле[32].

Алтайдын үйүндөгү кечки сый тамакта, Миңжылкыев менен Алтай түбү бирге, Ысык-Көл облусунан экендиктери, 1971-жылы көз жумган Саякбай Каралаев жөнүндө, албетте экөө тең жакшы көргөн кымыз жөнүндө кызуу сүйлөшүп отурушту. Миңжылкыев Алтайга Чоң Театрдын операсы Нью-Йорктун гезиттеринин сынына кабылган эки солистти, 15-июлда, дал ырдап чыгаар алдында Москвага кайра чакыртып алгандары жөнүндө айтып берди.

Алтай менен жолугушкандан бир нече күн өткөндөн кийин КГБнын полковниги Миңжылкыевге чет элдиктер менен санкциясыз байланышканы жөнүндө эскертүү берди.

«Болот, эгерде биздин душмандарды көрсөң, аларга жакындаба», — деди полковник.

«Эгерде Иванов кетсе, анын ордун Петров ээлей берет», — деген жообун айтты Миңжылкыев. «Бирок  биз кыргыздар аз элбиз, эгерде бир-бирибизге колдоо көрсөтпөсөк бул дүйнөдөн жок болобуз[33]».

***

Миңжылкыев менен түштөнүү маалында сүйлөшүп жатканда Алтайга Мирра Гинзбург чалды.  «Чыңгыз Төрөкулович Сиз жөнүндө сурап жатат», — деди ал. «Мына анын мейманканадагы номери».

Айтматовдун Алтайга таасирин, Гинзбург менен Алтайдын өздөрүнүн жан дүйнөсүндө өстүрүшкөн үрөнгө, ошондой эле Алтайдын  Arena Stage менен Чыңгыз Айтматовду чакыруу боюнча кызматташтыгына тиешелүү десе болор эле. Бирок  Айтматовдун Алтай менен жолугушууну каалагандыгы Миңжылкыев КГБнын полковнигине түшүндүргөндөй Кыргызстандагы куугунтукка алынган эң башкы диссидент менен жолугушууну көздөгөндүгү, кыргыз элинин бир болуусуна умтулуусу болчу.  Аны эңсеген кыргыз каны, партияга берилгендикке караганда алда канча күчтүү эле. Айтматов баарынан мурда Алтай жөнүндө ондогон жылдар мурда өзүнүн насаатчысы, кыргыз элинин чыныгы досу, окумуштуу культуролог жана Орто Азиянын тарыхынын билерманы Ауэзовдон, Ауэзов Алтай менен 1959-жылы Нью-Йоркто жолуккандан кийин  уккан болушу керек.

Андан  бери он алты жыл өткөндөн кийин, Азамат Алтай Ортоазиянын дагы бир легендасына жолугууга мүмкүндүк алып отурат. Айтматов менен телефондон кыска сүйлөшкөндөн кийин Алтай өзүндөгү Айтматовдун китептерин алып, машинага жүктөдү.  Алтай үчүн бул китептер анын жеке турмушунун коштоочусу эле, мына ошентип, алар анын ээси менен жолугушууга татыктуу болчу. Ал, Сания жана Миңжылкыев мейманкананы көздөй сызып жөнөштү.

Айтматов менен жолугушуудагы ар кандай чочуркагандык, ал экөө мейманкананын холлунда кучакташа көрүшкөндөн кийин дароо таркады. Андан кийин алар карап турган КГБнын кызматкерлерин жандап өтүп, Айтматовдун бөлмөсүнө өтүштү, аларды уулу Санжар күтүп турган эле. Сания, Миңжылкыев жана Санжар орус, алтай жана «айтматовдун»  тилдеринде сүйлөшүп жатышкан болсо, кансыз согуш экиге бөлгөн, бирок кыргыз маданиятын сактоону каалагандыгы менен максатташ эки инсан өздөрүнүн эне тилинде кызуу сүйлөшүп жатышты.

Ошол күндүн таң эртесинде болуп өткөн бул сцена өзүнчө бир кайталангыс  драмалык окуялардын жердеги көрүнүшү сыяктуу эле. Нью-Йорк убактысы боюнча түш жарым болгондо Атлантика океанынын үстүндө, Португалиянын батыш тарабынан 620 миль аралыкта Апполлон менен Союз бирикти. «Кансыз согуштун» атаандаштарынын үч жылдык биргелешип иштөөсүнүн натыйжасында советтик космонавт Алексей Леонов америкалык астронавт Том Стаффордду  люк аркылуу кол кармашып куттуктады. Президент Форд жана Башкы катчы Брежнев экипаждарга куттуктоо сөздөрүн жөнөтүштү.

Айтматов  күндүн башталышында бул биригүүнү америкалык жазуучу Курт Воннегут менен биргеликте түз эфирден карап отурду. Жолугушуу Айтматовдун Советтер Союзунун өкүлү катары бирден-бир расмий милдети болчу. Бул эки жазуучу өлкөлөр ортосундагы акыркы биригүү нацисттик Германия капитуляция болгондон кийин,  америкалык жана советтик солдаттар Эльба дарыясынын кезигишкенин талкуулашты. Ошол учурда туткунда болгон Американын мурдагы солдаты катары Воннегут аны советтик солдаттар лагерден кантип куткарышканын айтып берди.

Анын көз алдында болуп жаткан пьесасынын дебюту жана космостук кораблдердин биригүүсү, ошондо Айтматовду эки өлкө «боксердук тирешүүдөн» кайтып, ал күндөргө башы менен кирүү зарылдыгын айтууга түрткөн эле. Космикалык биригүү мындай кызматташтык өз ара аракеттенүүнүн башка тармактарына да жайылса деген үмүттү жандандырган жалпы ийгилик болчу. «Космосто болгон окуялар, — деди ал, — биздин бардыгыбыздын көз алдыбызда болуп жатат жана биздин эмнеге жөндөмдүү экенибизди көрсөтүүдө[34]».

Ошол кечте Айтматовдун мейманканадагы номеринде бир башкача мүнөздөгү майрамдык маанай өкүм сүрүп турду. Нью-Йорктогу кыргыздардын жарыяланбаганы менен чогула калган жыйыны, аз сандагы кыргыз эли үчүн, эгерде андан ашып эле кетпесе «Аполлон-Союздун» кол кармашуусундай эле окуя болчу. Бул жыйын чилдей тараган кыргыз элинин элитасынын жыйынын элестетип: бөлмө америкалык кыргыз тилиндеги «Азаттык» радиосунун биринчи үнүнө, Советтик Кыргызстандын маданияттагы эки жаркыраган жылдызынын үндөрүнө толуп турду. Кыргыз Даңкынын Залына айланды десек аша чаппайбыз.

Аларды кыргыз каны жана жөн эле баарлашуу кубанычы бириктирип турган. Бул көпчүлүгү үчүн ушундай күнү да ишке ашаары күмөн  туудурган, идеологиялык көз караштардын ар башкалыгына карабастан, кыргыз калкынын жашап жаткадыгынын, жашап жана биргеликте кала бергендигинин далили эле. Кыргыз Иванов Кыргыз Петров менен жолугушуп: — коммунизмдин ачыктан ачык каршысы Алтай бир жагынан; экинчи жагынан – мекендеши Миңжылкыевдин күркүрөгөн басы менен катар, өзгөрүүгө чакырган, абдан этият экспериментатор Айтматовдун добушу комнатаны аралай чаап жатты.

Эртең менен кетээр алдында Айтматов Алтай үчүн «Жаныбарым Гүлсараттын» көчүрмөсүнө кол тамгасын калтырды. Андагы сөздөр жөнөкөй жана кыска болчу: «Менин мекендешим Кудайбергенге, биздин жолугушуубузду  эске салып турсун», – деген, бирок бул куугунтукта жүргөн Алтай үчүн өтө көп мааниге ээ эле.

Жооп катары Алтай Айтматовду өзүнүн китепканасын көрүп кетүү үчүн Квинске чакырды. Ошондон эки күн өткөндөн кийин кыргыз кечеси Алтайдын үйүндө уланды. Бирок Алтайдын жээни Гүлнара Турганбаеванын сөзүнө караганда кооптондурган бир жагдай бар эле: биринчи кездешүүдө болгон Чыңгыз Айтматовдун уулу Санжар «барымта катары» мейманканада калтырылган болчу.  Сыягы, КГБ эркиндикти сүйгөн Айтматовго кысым жасоо рычагын колдонгусу келген окшойт[35].

Айтматовду мейманканадан алып бара жаткан Алтай унаасын көчөнү көлдөткөн, көз ачырбай жааган жамгырда жүрүп отурду. Айланма жол менен Алтайдын Квинстеги үйүнө жете келишти. Үйдө Нью-Йорктогу татарлар коомунан келген коноктор, «бүтпөгөн сөздөр», жасалган дасторкон жана ышкылуу ырлар күтүп жаткан.  Жыйын саат 3кө чейин созулду жана фотографияларда ал күнкү кечте диванга жайланышкан Айтматовдун Алтай жана татар коноктору менен бирге түшкөн учуру сакталып калды. Бир нече жума өткөндөн кийин Алтай өзүнүн досуна:  «Ал кечте мен өзүмдү эң бир бактылуу адам сездим[36]» — деп жазды.

Чыңгыз Айтматов жана Азамат Алтай Алтайдын Квинстеги үйүндө, Нью-Йорк, 1975-жылдын 19-июлундагы Айтматовдун АКШга алгачкы жолу баргандагысы. (Фото Гульнара Турганбаева тарабынан берилген).

Нью-Йорктогу көрүшүүдөн соң Кыргызстанда чоң драма өттү. 1975-жылдын күзүндө Теңирберди Алапаев тигил дүйнөгө ыйманы менен кетиши үчүн тезден аракет жасашы керектигин түшүнүп турду. Ошондуктан Касыда деген жээнине Чыңгыз Айтматовдун үй-бүлөсүн таап келишин табыштады. Тайкеси Чыңгыз Айтматовдун чет мамлекетте экендигин билгенден кийин Чыңгыздын карындашы Розаны табууну өтүнөт. 1930-жылдарда Төрөкул Айтматов менен бирге түрмөдө отурган Алапаев кырк жылдан кийин жүрөгүн түйшөлткөн аманатын айтууга даяр эле. «Менин агам бар, атамдын улуу агасы», — деди Касида Розага Таластагы бирөнүн кара ашына барганда. «1938-жылы ошол менин агам сенин атаң Төрөкул Айтматов менен бир камерада отурган экен».

Роза Айтматова таң калды. Ал аны үй таап бер же импорттуу дары сатып бергенге жардам бер деп жабышкан аялдардын дагы бирөө деп күткөн. Бирок, атасынын атын уккандан кийин баары өзгөрүлдү.

«Агаң кайда?» – деди кабатырланып Роза. «Ал тирүүбү?»

Эгерде мен Төрөкул менен тиги дүйнөдөн жолугуп калсам, көзүнө тик карай алам» деди.

Касида агасы Алапаев барган сайын алдан тайып бараткандыгын, анын өпкөсүн кургак учук жабыркатып жаткандыгын айтат. Аялдар Таластын ооруканасына жөнөшөт. Араң кыймылдаган Алапаев Касиданын жардамы менен өткөнгө кайрылып, баяндай баштайт.

«Көзүң атаңдыкындай экен» – деди ал Розага.

Андан соң, бетин терең бырыш баскан арык киши шыпты карап туруп: «Бул жолугушуу үчүн Кудайга миң ыракмат. Эми мен көңүлүм тынч өлө берсем болот. Эгерде мен Төрөкул менен тиги дүйнөдөн жолугуп калсам, көзүнө тик карай алам» деди.

Алапаев өзүнүн баянын айта баштады. 1938-жылы ал Төрөкул Айтматов жана алты киши менен бирге Фрунзедеги түрмөгө бирге отуруп калат. Алапаевди түрмөнүн күзөтчүлөрү катуу сабап кетишет, ал камеранын полунда жатып калат. Төрөкул таяк жеген Алапаевдин жараларын байлап, камеранын ортосундагы темир тактага орун даярдап берет, ал жер камерада жаткан абактагылардын цементтелген  муздак полунан жалгыз коргонучу болчу.

Алапаев Розага атасы Төрөкулдун нарктуулугуна жана ушундай жогорку даражадагы чиновниктин, коммунисттин ушундай кордукту кыңк этпей көтөргөнүнө   суктангандыгын айтып берди. Түрмөнүн тамагынан ыргайдай арыктаган Төрөкул, Алапаев менен таанышкан биринчи күндөрдөн баштап эле жакшы мамиле түзүп кетти. «Ушул күндөрү эмне болуп жаткандыгын адамдар түшүнгөн учур да келет, ошондо Сизди бошотушат», — дептир ал Алапаевге. Бир аздан кийин, НКВД жөнүндө: «алар биздин көзүбүздү тазалашат (калгандарды), баамымда бул тез аранын ичинде болот ко. Алар өзүлөрүнүн кылмышынын изин калтыргысы келбейт[37]» — деп кошумчалады.

Роза демин тартып Алапаевдин атасы Төрөкулдун өмүрүнүн акыркы күндөрү жөнүндө айткандарын – өзүнүн актыгын далилдөөдөгү көшөргөндүгүн, адилетсиздикке каршы күрөшү жөнүндө Чыңгызга билдирүүсүн, Алапаев атасынын тагдыры эмне болгондугу жөнүндө айтышы үчүн өзүнүн иши боюнча кандай чечим кабыл алынгандыгын айтууда пайдаланышчу белги берүүнүн системасы жөнүндө угуп жатты.

Алапаев андан кийин эч кандай кабар алган жок жана Төрөкулду экинчи көрбөдү.

***

Алапаев болгону 63 жашта болсо да, тагдыр тарткысы оор болгондуктан,  Роза Айтматовадан бир топ улуу көрүнөт. Ал Сибирге, сүргүнгө жыйырма жылга айдалган. Мына ошол жакта, күйүттөн буркан-шаркан түшкөн түндөрдүн биринде кызуу болуп алып, Кыргызстанга экинчи кайтып бараарынан үмүтү өчүп, чапанын сууга ыргытып жиберет. Анын ички чөнтөгүндө Төрөкул табыштаган несессер калган эле.

Кыргызстанга Алапаев Хрущев жетекчиликке келгенде кайтты, бирок ден соолугунан ажырап, сыркоого чалдыккан өпкөсүн кайра-кайра дарылаганга туура келди. Бир жолу палатада жатканда жанына күнү-түнү китеп окуган оорулуу жатып калат. Алапаев андан бир китебин окуганга сурайт. Китепти барактап жатып: «Ата, мен сага эстелик тургузалбаймын. Сенин кай жерде көмүлгөнүңдү да билбейм. Мына ушул эмгегимди атам Төрөкул Айтматов, сага арнаймын. Апа бизди өстүрүп, адам кылдың. Сенин узак өмүр сүрүүңдү тилеп, апам Нагима Айтматова, сага арнаймын», – деген эпиграмманы окуйт.

Алапаев китептин авторунун сүрөтүн көргөндө ага Төрөкулдун жүзү жана анын акылдуу көз карашы урунат. Ошондо ал баарын түшүнөт. Китептин автору Төрөкулдун уулу несессерде аты жазылган киши эле.  Повесттин аты «Саманчынын жолу» болучу. Алапаев үчүн Төрөкулдун аманатын аткарганга мүмкүнчүлүк ачылды, бирок ал аны аткарган жок.  Ал берген убадасын аткаруунун жана Айтматовдордун үй-бүлөсүн бириктирүүчү болгондун ордуна несесерди ыргыткандыгы үчүн өзүн жемеледи. Роза менен жолукканда Айтматовго бир нече жолу кат жазганга отуруп, бирок эч качан аягына чыгарбаганын төкпөй-чачпай айтып берди.

«Мени кечир», — деди ыйлап жатып, Розага Теңирберди ооруканада жаткан ошол жайдын мээримдүү күндөрү. «Кечир мени» [38].

Эки жумадан кийин Алапаев каза болду.

[1] Mirra Ginsburg Papers, Rare Book and Manuscript Library, Columbia University, Box 1, Folder 1.

[2] Озеф Мозур «Ак кемеде» Айтматов советтерге чейинки учурга кайрылган – орустар массалык түрдө көчүп келгенге чейин кыргыздар жаратылыш менен ымалада жашачу деген ойду айтат. Мозур бүгүнкү күндө Айтматовдун АКШдагы мыкты изилдөөчүлөрүнүн бири катары Москвадагы Айтматовдун эмгектерин изилдеген цензорлор кыргыз тилин билбегендиктен, көп нерсени байкоостон өткөрүп жиберишкен деп бышыктады Алтай. Мозур 1992-жылы Бишкекке илимий изилдөө иштери менен барганда Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын изилдеген окумуштуу Абдылдажан Акматалиев менен жолукканын, ал дагы кыраакы окурмандар Орозкул деген аттын артында бир топ кеңири идея, кыргыздардын Россияга маданий жана социалдык көз карандылык идеясын көрө алышкан деген ойду тастыктаган. Акматалиев орфографиялык жазылышта кыргыздын «орус кул» деген, орустун кулу деген ойго окшоштугун белгиледи.  Көз карандылык темасы Айтматов тарабынан «Кылым карытар бир күн» романындагы «маңкурт» дегенге шилтемеде улантылган. Айтматов өзүнүн 1980-жылы жазылган «Кыямат» романында дагы маанини каармандардын аты аркылуу ачып берген.

[3] 1971-жылы күзүндө ошол эле Бейшеналиева жаткан ооруканада дарылангандан кийин Твардовскийдин рак оорусу оорлошуп кетет. Айтматов Москвага 1971-жылы келгенде экөө менен тең Бейшеналиеванын бөлмөсүндө чай ичишкен.

[4] Hedrick Smith, The Russians, (New York: Ballantine Books, 1976), 602.

[5] “Pismo v Redaktsiyu Gazeti Pravda,” Literaturnaya Gazeta, September 5, 1973.

[6] Robert Kaiser, Russia: The People and the Power, (New York: Washington Square Press, 1984), 399.

[7] Mirra Ginsburg Papers, Rare Book and Manuscript Library, Columbia University, Box 1, Folder 1.

[8] Information about the borough of Queens is from http://en.wikipedia.org/wiki/Flushing,_Queens

[9] Ч.Айтматов, “Делбирим”. I том. 2014-ж. 183-б.

[10] Information about the borough of Queens is from http://en.wikipedia.org/wiki/Flushing,_Queens

[11] Interview with Beksultan Jakiev, June 17, 2013.

[12] Mambetalieva, Neyuteryannie Pisma ili Razgovor na Dzherjinke, 151.

[13] Aitmatov: Sobranie Sochinenii v Semi Tomakh, v. 6, 546.

[14] Michael Parks, “Kyrgyzia gets low mark for ideology,” The Baltimore Sun, July 3,1973.

[15] “Soviet Writer, Though Critical, is favored,” The New York Times, June 4, 1974.

[16] “Soviet Writer, Though Critical, is favored,” The New York Times, June 4, 1974.

[17] Kazakh/Kirghiz Studies Bulletin, Central Asia Studies Program, The University of Washington, accessed October 4, 2007, 3, http://depts.washington.edu/centasia/Kyrgyzbulletin.htm

[18] Zelda Fichandler Papers, Collection #C0010, Special Collections and Archives, George Mason University Libraries, folder 4.

[19] Fichandler Papers, Collection #C0010, Special Collections and Archives, George Mason University Libraries, folder 4.

[20] Fichandler Papers, Collection #C0010, Special Collections and Archives, George Mason University Libraries, folder 4.

[21] Alan Schneider, “We opened in Moscow, then on to. . .”, The New York Times, November 18, 1973. Section 2. 1.

[22] Schneider, “We opened in Moscow, then on to. . .” Section 2. P. 1.

[23] Fichandler Papers, Collection #C0010, Special Collections and Archives, George Mason University Libraries, folder 4.

[24] Mirra Ginsburg Papers, Rare Book and Manuscript Library, Columbia University, Box 1, Folder 1.

[25] Jack Kroll, “Ascent and Dissent,” Newsweek, June 30, 1975, 44.

[26] Richard Coe, “An Absorbing ‘Ascent,’” The Washington Post, June 5, 1975, C1.

[27] Interview with Zelda Fichandler, January 12, 2015.

[28] Don Shirley, “Aitmatov: An Ascent at Arena,” The Washington Post, June 30, 1975.

[29] Jack Kroll, “Ascent and Dissent,” 44.

[30] Peter Osnos, “There’s More to Russia than Americans Recognize; The Russia Americans Ignore,” The Washington Post, June 19, 1977.

[31] “A New Boris Exemplifies Individuality at Bolshoi,” The New York Times, July 17, 1975.

[32] Azamat Altay, Azzatyk Menen Demokatiyanin Jarchasi, 127.

[33] Azamat Altay, Azzatyk Menen Demokatiyanin Jarchasi, 126-127.

[34] Aitmatov: Sobranie Sochinenii v Semi Tomakh, v. 7, 304.

[35] Aitmatov: Sobranie Sochinenii v Semi Tomakh, v. 7, 304.

[36] Letter dated August 9, 1975, courtesy of Venera Djumataeva.

[37] The meeting with Alapaev, including the dialogue in the prison cell, is a composite drawn from two sources: Vladimir Plotskikh, “Törökul , Otets Chingiza,” in Törökul  Aitmatov. (Bishkek: Ilim Publishing House, 1993) 55, and Roza Aitmatova, Belie Stranitsi Istorii, 30-34.

[38] Roza Aitmatova, Belie Stranitsi Istorii, 37.