Кыргызстан: жаран жана мамлекет

Бул китеп 2012-жылы орус тилинде басылып чыгарылган «Гражданин и государство в современном Кыргызстане» окуу колдонмосунун негизинде толукталып, кошумча темалар менен кыргыз тилинде чыгарылды. «Кыргызстан: жаран жана мамлекет» окуу колдонмосу жарандуулук, коом жана мамлекет сыяктуу категориялар системалык түрдө каралды. Азыркы Кыргызстандагы мамлекет менен жарандын ортосундагы өз ара байланышка өзгөчө басым жасалды. Коомдук турмуштун демократиялаштыруу, мамлекеттик түзүлүш жана жарандык жоопкерчилик сыяктуу жактары талдоого алынды. Саясий жана укуктук чөйрөдөгү жарандуулуктун олуттуу проблемалары тыгыз байланышта каралды. Окуу колдонмосунун максаты – окурмандардын жарандын азыркы коомдогу жана мамлекеттеги ролу туурасында илимий түшүнүгүн калыптандыруу болуп саналат.
Колдонмо ЖОЖдун окутуучуларына жана студенттерине, ошондой эле жарандын, коомдун жана мамлекеттин өз ара иштешүү маселелерине кызыккандарга арналат.