Башкы

Академия жөнүндө маалымат

Жарандык Агартуу Академиясы – бул активдүү, сынчыл ой жүгүрткөн, рефлексивдүү, чыгармачыл жана кесипкөй жаштар бириккен ачык аянтча.

Жарандык Агартуу Академиясы талкуулар, жаңы ачылыштар жана ой жүгүртүүлөр үчүн ачылган эркин аянтча. Академия жарандуулук идеясын өркүндөтүүгө, жалпы адамзатка таандык баалуулуктарды жана адам укуктарын алдыга жылдыруугаа арналган платформа.

Кыргызстанда жарандуулук түшүнүгү барган сайын жоголууда, көп суроолор жоопсуз калууда.

Жаран деген ким?

Ал кандай сапаттарга ээ болушу керек?

Биздин өлкөдө мамлекет жана жарандар өз ара жоопкерчиликтүүбү?

Бүгүнкү күндө биз коомдун бытырандылыгы, жалпы адамзаттык баалуулуктарды радикалдуу баалуулуктар менен алмаштырган мезгилде жашап жатабыз. Биздин мамлекеттин жана коомдун өнүгүүсү үчүн ансыз деле топтолгон билимди жана тажрыйбаны рационалдуу түшүнүүбуз жетишсиз. Жарандык билим берүү- бул коомдун жарандарын өз өлкөсүнө таандык болгон патриоттук сезимин калыптандыруучу билимдерди, маданий жана социалдык баалуулуктарды жайылтуу.

Жарандык Агартуу Академиясы – эркин жеке тандоого, адеп-ахлактык көз карашка, жарандардын тең укуктуулук идеалдарына ошондой эле коомдук реалдуулукка натыйжалуу жана сын көз карашты жайылтууга умтулган расмий эмес платформа.

Академия коомдук жана саясий лидерлердин, жаңы муун өкүлдөрүн, маалымат каражаттарын, маданияттын, билим берүүнүн, бизнестин жана коммерциялык эмес сектордун өкүлдөрүн , ошондой эле өз коомун, регионун жана өлкөсүн өнүктүрүүгө күч-аракет жумшагандардын баарын бириктирет.

Академиянын негизги максаты – Кыргызстандын ар кайсы аймагынын, тармактардын, региондордогу жана түрдүү кесиптердин ээси болгон жигердүү, прогрессивдүү лидерлерди тарбиялоо.